Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Нургазы Увалиев Ысык-Көл РИИБдин башчысы болду

Turmush -  Ысык-Көл РИИБдин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Нургазы Увалиев дайындалды.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, бүгүн, 12-августта жаңы жетекчини Ысык-Көл РИИБдин өздүк курамына ОИИБдин башчысы Октябрь Урманбетов тааныштырды.

Нургазы Увалиев 1977-жылы Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган. КР ИИМ академиясын 2000-жылы аяктаган, ошол жылдан бери ички иштер бөлүмүндө иштеп келет. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Буга чейин ал ОИИБдин башчысынын оперативдүү бөлүмү боюнча орун басары болуп иштеп келген. Ал эми Ысык-Көл РИИБдин башчысы кызматын Улан Асанбаев ээлеп келген. Бул кызматка ал 2016-жылдын 22-июлунда дайындалган.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1296
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×