Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Эродүйнө: Эртең мененки кофеге караганда эртең мененки секс жакшы

Turmush -  Көпчүлүк адамдар күнүн эртең менен бир чыны кофе же чай ичүүдөн башташат. Бирок эртең менен бир жолу жыныстык катнаш кылуу жакшыраак болуп жүрбөсүн.

Англиялык «Superdrug» дары-дармек ишканасы эртең мененки секс бир чыны кофеге караганда жакшыраак деген чечимге келди. Эмне үчүн?...

Маанайды көтөрөт

Илимий факт: тамак менен секс бизге жөнөкөй канааттануудан көбүрөөк нерсе берет. 2010-жылы PNAS жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында секс мээдеги коркунуч реакциясын жайлатып, маанайды көтөрө турганы такталган. Маанайды көтөрө турган окситоцин гормону өнөктөштү ого бетер жакшы көрүп калууга себепкер болуп, эйфориялык сезимдерди пайда кылат.

Жашартат

Кофеинди жактоочулар ал клеткаларды жашартуучу касиетке ээ деп айтып келишет. Бирок Эдинбург падышалык ооруканасынын профессору Дэвид Уикс дайыма кайталанып туруучу эртең мененки секс эндорфиндерди пайда кылып, адамды 5-6 жыл жаш көрсөтүүгө жардам берет деп ишендирет.

Калорияларды жок кылат

Эгер сиз эртең менен фитнес менен алектенгиңиз келбесе анда секс менен «машыгуу» керек. PLoS ONE иликтөөсүнө караганда, секс учурунда эркектер мүнөтүнө 4,2 калория, кыз-келиндер 3,1 калория жок кылат.

Секс менен алектенүүгө кайсы учур ыңгайлуу?

«Superdrug» ишканасынын серепчилери көпчүлүк жубайлар эртең мененки секс менен дем алыш болгон жекшемби күнү алектене тургандыгын такташкан.

«Мен жекшемби күнү болгонуна таң калган жокмун. Адамдар бул маалда эс алууда болуп, убакыт кенен, түйшүк аз экенин билишет», - деди серепчи Аликс Фокс.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12972
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
×