При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кыргызстандын жаратылышы: Таласка барсаң Беш-Таш жайлоосун көрө кел (фото)

Turmush -  Талас облусундагы Беш-Таш жайлоосу жергиликтүүлөрдүн сыймыгы. Жайкысын жайлоого мал менен чыккандар, эс алууга келгендер да көп болот.

Окурман Жазгүл Момукулова жайлоонун кооз жаратылышын сүрөткө тартып келген.

Беш-Таш жайлоосу жөнүндөгү элдик уламыш

Талас облусунун Беш-Таш капчыгайынын баш жагында жерге орнотулган 5 соку ташты эл ичинде «Беш-Каракчы» деп айтышат.

Токтогулдук тургун Кадыр Кожокеев Беш-Таш капчыгайы тууралуу улуулардан уккан уламышты айтып берди.

«Илгери бир аялдын жолдошу каза болуп, 5 баласын өзү багып чоңойтуптур. Апасы улгайып, балдары тамак таап келе баштаган учурда жалгыз бой аял балдарынан "адал эмгегиңер менен таап келип жатасынарбы?" деп сурайт. Балдары "ооба, эч ойлонбоңуз, адал эмгегибиз менен таап келип жатабыз" деп айтышат. Бирок алар Талас менен Кетмен-Төбөнү байланыштырып турган Терек, Кырк-Серке, Коргон-Шанектен өткөн адамдарды, кербенчилерди талап-тоноп турушкан. Кийин аларга энесинин "беш ташка айланып калгыла" деген каргышы тийген дешет.

Бул Беш-Каракчы деп аталган жер бизге жакын, ортодо ашуулар бар. Ал тарапка көп баргандыктан ушул уламышты көп угуп жүрөбүз. Улуу муундар бул жайдын аталышы боюнча уламышты көп жолу айтып беришкен», - деди К.Кожокеев.

21

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 481
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:18,   20.08.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу