При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

УКМК Мавлян Аскарбековду 14-августта суракка алат

Turmush -  УКМК активист Мавлян Аскарбековду 14-августта суракка алат. Бул тууралуу түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-июлда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы, Коомдук ачык билдирүүлөр боюнча соттук экспертизанын мамлекеттик борборунун адистеринин корутундусунун негизинде активистке карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (бийликти күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакыруу) менен кылмыш иш козгогон.

Кечээ, 10-августта М.Аскарбеков УКМКга суракка чакырылган. Бирок ал 14-августта барууга уруксат сураган. Ал дүйшөмбү күнү суракка алынат.

аскарбеков

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 495
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу