Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

С.Жээнбеков кызматынан качан кете турганын билдирди

Turmush -  Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкерлерди каттоо башталганда кызматынан кетет. Ал бул тууралуу бүгүн, 11-августта АКИpress агенттигине билдирди.

Талапкерлерди расмий түрдө каттоо 1-сентябрда башталып, 10-сентябрда аяктайт. Президенттик кызматка 59 адам талапкер болгон.

Тизмеден Муканбайжан Айманбаев, Камил Токтобаев, Марта Кыдыралиева чыгарылган. Алар БШКга арыз жазгандан кийин 5 күндүн ичинде шайлоо фонддорун ача алышкан эмес. Ошондой эле, Игорь Трофимов менен Мирлан Шерикул уулу шайлоо фонддорун ачпай, кыргыз тилинен тест тапшырган жок. Анвар Сартаев менен Нусрет Мамедов талапкерликтерин алып салышкан.

Соттолгону үчүн 10-августта Садыр Жапаровдун да талапкерлиги алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8374
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×