Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Ажылык сапарга кеткен кыргызстандыктар Медина жана Мекке шаарларында мейманканаларга жайгаштырылды (фото)

Turmush -  Кыргызстандан ажылык сапарга жөнөп кеткендердин алгачкы тобу Медина шаарынан Мекке шаарына барып, мейманканага жайгаштырылды.

Муфтият маалымдагандай, Бишкектен 300 кыргызстандык 7-август күнү жолго чыккан болчу. Меккеде ажылык сапарга барган кыргызстандыктар үчүн Кааба ташынан 20 км аралыктан бардык шарттары бар 8 мейманканадан орундар даярдалган. Ошондой эле, медицина кызматкерлери, ашпозчу кызмат көрсөтүшөт.

Ошондой эле, Ош шаарынан кечээ, 10-августта жолго чыккан зыяратчылардын кийинки тобу Медина шаарына жетип, 5 жылдыздуу Grand Mercure мейманканасына жайгаштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 512
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×