Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Кыргызстандык 8 балбан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Turmush -  Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Венгриянын Будапешт шаарында 28-августтан 3-сентябрга чейин өтө турган дүйнө чемпионатына даярданып жатат.

Дзюдо боюнча улуттук федерациядан маалымдашкандай, Кыргызстандын улуттук курама командасы Венгриядагы Дзюдо боюнча эл аралык федерациянын машыгуу борборунда окуу-машыгуудан өтүшөт.

«Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышат. Азыркы тапта эки спортчу — Алмаз Алтынбек уулу жана Азамат Бектурсунов Будапешт шаарында машыгуудан өтүп жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1521
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×