Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Прокурор Өмүрбек Текебаевди 10 жылга эркинен ажыратууну сурады

Turmush -  Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата козголгон кылмыш иш боюнча сот отуруму улантылды. Сот процессине «Ата Мекен» фракциясындагы айрым депутаттар да катышты. Бирок, отурумга депутаттын 2 жактоочусу келбей, мамлекеттик жактоочу Чоноева чакырылды.

Сот катышуучулардын пикирин сураганда Д.Чотоновдун жактоочулары депутаттын жактоочулары отурумда жок болгонуна байланыштуу процесси башка күнгө жылдырууну суранышты. Жактоочу Жакупбекова бул отурумга аны мажбурлап алып келишкенин, бүгүн Ленин райондук сотунда эл өкүлү Аида Салянованын иши боюнча отурумга барбай калганын кошумчалады.

Ал эми, прокурор Нурмат Исраилов Текебаевди мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратып, 3 жыл мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салууну суранды. Ошондой эле, Д.Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылга мамлекеттик кызматта эмгектенүү укугунан ажыратууну сунуштады.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, депутатка КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылган.

2017-жылы 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарга карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон. 

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2342
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 13 адам окуп жатат)
×