Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Стамбулда Манас баатырдын айкелин ачуу аземи салтанат менен коштолду

Turmush -  Түркиянын Стамбул шаарында Манас баатырдын айкелинин орнотулушуна байланыштуу бүгүн, 9-августта салтанаттуу иш-чара өттү. Долбоордун демилгечиси Темирлан Сарлыкбек уулу Turmush басылмасына билдиргендей, эстеликти орнотууга жалпы 120 миң доллар өлчөмүндө каражат сарпталган.

Эстеликти орнотуудагы башкы максат — кыргыз элинин баалуулуктарын боордош түрк элине жана тарыхый Стамбул шаарына барган чет өлкөлүктөргө кеңири таанытуу.

«Айкелди орнотуу долбоору 1,5 жыл мурун башталган. Алгач Түркиянын бийлиги жана Стамбулдун мэриясы менен жер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бизге Кыргызстандын Стамбул шаарындагы консулдугу жардам көрсөттү.

Уруксат алгандан кийин Бишкек шаарында айкелчилердин арасында сынак жарыялап, айкелдин үлгүсүн тандоо үчүн кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев, илимдин доктору Аскар Медетов жана "Саякбай манасчы" коомдук фондунун өкүлдөрү иштеди. Бул иштер бир жылга жакын убакытка созулду. Сынактын жыйынтыгында айкелчилер – Садабек Ажиев, Токталы Мурзакаримов жана алардын 8 айкелчиден турган командасы утуп чыгып, Стамбулда 8 ай бою айкелди орнотуу иштери менен алек болушту.

Айкелге керектүү чыгымдарды өзүм каржылап, айкелчилердин Стамбулга келген билеттерин досторум сатып беришти. Айкелдин постаментин мрамордон тургузуу жана айлана-чөйрөсүн жасалгалоо иштерине да чоң каражат жумшалып, бул чыгымды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин суранычы менен Стамбул шаардык мэриясы каржылады. Ошондой эле, Стамбул шаарында жашап жүргөн кыргызстандыктар каражат чогултуп беришти», - деди Темирлан Сарлыкбек уулу.

Ал буга чейин «Манас — адамзат тарыхынын мурасы» китебин кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жазып, Казакстанда жана Россияда маанилүү сыйлыктарга татыган.

Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарага эки өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү да күбө болуп, Кыргызстандан атайын барган таланттар комуз күүлөрүн жаңыртып, кыргыз ырлары ырдалды. Ошондой эле, манасчылардын өнөрүнө түрк боордоштор күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1666
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×