Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Нарын

Видео - Жумгалда кулчулукта жүрдүм деген М.Долгопалов соцкызматкердин үйүнө жайгаштырылды

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айылында 8 жылдан бери кулчулукта жүрдүм деген Сокулук районунун тургуну Михаил Долгопалов кечээ, 8-августта айыл өкмөттөгү социалдык кызматкердин үйүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Михаил Долгопалов аталган үйдө 15 күн тергөө иштери бүткүчө жашайт. Буга чейин ал Жумгал РИИБдин кызматкеринин Көк-Ойдогу үйүндө убактылуу жашап турмай болгон. Бирок, ал үй-бүлө кечээ кийим-кечесин капка салып, эшикке чыгарып койгон. Айыл өкмөт башчысы Элмира Мамбетова аны айыл өкмөттө кабыл алып, социалдык кызматкердин үйүнө жайгаштырды.

Видео, фото - М.Долгопалов 8 жылдан бери Жумгалда кулчулукта жүргөнүн айтууда

Видео - Сокулуктун тургуну 8 жылдан бери Жумгалда кулчулукта жүргөнү текшерилип жатат

Жумгалда 8 жылдан бери кулчулукта жүрөм деген М.Долгопаловду милициялар дагы иштетип жүргөн, - тургун (видео, фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3352
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
JUMGAL.KG
10:56, 10 августа 2017
Ооба кызматтан кетет деген имиштер тарап жатат. Негизи уйур уйур малдар урдалып дайыны жокко. экс начальник ровд Токсонбаев деген неме да уурулар менен иштеп жада калса мал алып турчу деп атып кызматтан кеткен. Бул келип деле иш корсоткон жок, малдар уйур уйур жоголуп табылбай жатат. Анан милиция жалгыз орусту иштеткени кандай?
Нет аватара
moison
10:51, 10 августа 2017
А эмнеге бул орусту эле мышык чычкан ойнотуп жатат милиция? Оздору иштеткен болсо жооп беришсин, ушунусу учун козомолдун жоктугу учун Ровднын начальниги кетиш керек ишинен. Эй канча мал уурдалып атат, мекемелерден акчалар тонолду деле бир иш жокко, мындай жетекчинин эмне кереги бар
Нет аватара
moison
20:31, 08 августа 2017
Айыл өкмөтү молодец колбаса менен чай бериптир. Рахмат Элмира Мамбетова
Көп окулду
×