Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Сүйүнчү! Айпери Медет кызы күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду (фото)

Turmush -  Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Финалдык беттеш Финляндияда өтүп жаткан чемпионаттын алкагында бүгүн, 4-августта өттү.

Айпери Медет кызы 72 кг чейинкилер арасында алгачкы турнирде 2015-жылы жаштар арасында Европанын жана дүйнөнүн чемпиону болгон Денис Сабина Макота Строй (Швеция) менен беттешип, жеңишке жетишкен.

Чейрек финалда  италиялык Елена Пьоллай менен килем үстүнө чыгып, 1 мүнөт 19 секунд ичинде 8:0 эсебинде мекендешибиз жеңип чыкты.

Ал эми, финалга жолдомо алуу үчүн россиялык Кристина Шумованы эң мыкты көрсөткүч менен – 26 секунд ичинде 10 упай топтоп, жеңилүүгө аргасыз кылды.

Алтын үчүн болгон күрөштө Япониянын өкүлү Ясуха Мацуюки менен беттешип, акыркы мүнөттөрдө эсепти 8:6 кылуу менен дүйнө чемпиондугун утуп алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6914
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×