Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Президенттикке талапкерлердин бири кыргыз тили боюнча сынакка келбей койду

Turmush -  Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири мамлекеттик тил боюнча сынакты тапшырган жок. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкер Игорь Трофимов бүгүн, 3-августта сынак тапшырышы керек болчу. Бирок ал келбей, анын себебин тактаган документ көрсөткөн эмес.

Трофимов Игорь Алексеевич 1975-жылы туулган. Ал талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн.

Буга чейин президенттикке ат салышкандардын ичинен Анвар Сартаев менен Мамедов Нусрет Муса-Оглы талапкерлигин алганы белгилүү болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2177
Көп окулду
×