Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Президенттикке ат салышкандардын дагы бири өзүнүн талапкерлигин алды

Turmush -  Президенттикке ат салышкандардын дагы бири өзүнүн талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине БШКдан билдиришти.

«Кечээ талапкер Мамедов Нусрет Муса-Оглыдан өзүнүн талапкерлигин алуу жөнүндөгү арыз түштү», - деп айтылат маалыматта.

Мамедов Нусрет Муса-Оглы бүгүн кыргыз тили боюнча сынак тапшырмак.

Кечээ, 2-августта Анвар Сартаев 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүнө байланыштуу өзүнүн талапкерлигин алып салган.

1-августка карата БШКга президенттикке талапкер болууну каалаган 59 адамдан арыз берилген болчу. Кыргызстандын жаңы президенти 2017-жылдын 15-октябрында шайланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 815
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу