Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баракелде

Фото, видео: Кыргызстандык С.Эсенгулов Америкадагы таланттар сынагында 1 млн доллар үчүн ат салышууда

Turmush -  Кыргызстандык бийчи Солто Эсенгулов өзүнүн досу менен бирге Америкадагы «America’s got talent» таланттар сынагына катышып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда АКИpress маалымат агенттигине С.Эсенгулов өзү билдирди.

Маалым болгондой, кыргызстандык бийчи 5 турдан турган сынактын 3-туруна катышууда.

«America’s got talent» теледолбоору NBC телеканалы аркылуу көрсөтүлүп, ар кайсы курактагы ырчылар, бийчилер, фокусчулар, комедианттар жана башка таланттуу адамдар байгеге коюлган 1 млн доллар жана «Las Vegas Strip» сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн ат салышууда.

С.Эсенгулов — Атай Өмүрзаковдун «Тумар КР» тобунун мурунку бийчиси. Ал азыркы тапта өз алдынча карьерасын улантып, дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарга катышып жатат.

Бийчинин ушул мезгилге чейин катышкан долбоорлору:

- Американын America’s got talent таланттар сынагы;

- Мексиканын Tengo talento mucho talento таланттар сынагы;

- Дүйнөдөгү эң чоң World of dance бий долбоору;

- Лос-Анжелестеги фестиваль;

- Ушул жылдын май айында ТНТ телеканалынын «Танцы» сынагына кастингге катышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2103
Көп окулду
×