Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Кыргызстан көк бөрү боюнча Астанада өтүүчү дүйнө чемпионатына катышат

Turmush -  20-28-августта Казакстандын Астана шаарында көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүн уюштуруучулардын маалыматына караганда, көк бөрү боюнча биринчи чемпионат эл аралык көргөзмөнүн алкагында уюштурулат.

«Дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 150дөн ашык спортчулардын катышуусу пландалып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Чемпионатка катышуу үчүн Кыргызстандан 12 көк бөрүчүдөн турган курама команда тандалды. Учурда казакстандык көк бөрүчүлөр Азиянын чемпиону болуп эсептелет (2013-жылы). Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Көчмөндөр оюндарында 2 жолу катары менен чемпион болушкан (2014-2016-жылдары).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1360
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×