Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Моңгол президенти саясатчыларга оффшордук аймактардагы акчаларын алып келүүгө 49 күн убакыт берди

Turmush -  Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга мамлекеттик кызматкерлер менен саясатчыларга кайрылып, 49 күндүн ичинде оффшордук аймактардагы акчаларын мекенге алып келүүгө чакырды. Бул тууралуу ARD порталы маалымдады.

Маалыматка караганда, Моңголиянын 49 жаранынын оффшордук эсептери бар экендиги тууралуу маалымат бар. Алардын арасында саясатчылар, алар менен байланышкан тараптар, криминалдык акчаларды «жууганга» шектелгендер бар. Президент аларды 24-июлдан тарта 49 күндүн ичинде акчаларын Моңголиянын борбордук «Монгол Банкына» которууга чакырды. Эгер алар чакырыкка көнбөсө алардын эсептери жөнүндөгү маалыматтар ачыкталып, мыйзам негизинде жоопкерчиликке тартылат.

Оппозиционер Халтмаагийн Баттулга Моңголиянын жаңы президенти болуп шайланды

Монгол лидери Х.Баттулга — резиденцияда жашоодон баш тартып, жумушка жөө барган президент

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9424
Көп окулду
×