При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Кыргыз балбандар Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн байгелүү орундарды алышты

Turmush -  Кыргызстандык өспүрүмдөрдүн грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Таиландда өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти.

Маалым болгондой, балбандардын классикалык стилдеги күрөшү 20-21-июль күндөрү өтүп, жалпы 10 комплект медаль ойнотулду.

Аталган турнирге Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышып, бир алтын, эки күмүш жана төрт коло байгенин ээси болушту. Мындай жыйынтык менен кыргыз курама командасы жалпы 75 упай топтоп, 3-орунду ээлешти. Ал эми, 1-орунду 87 упай менен Иран, 2-орунду 77 упай менен Казакстандын курама командасы багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 486
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу