Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

А.Атамбаев: Ө.Бабановду камайбыз дегенде мен сактап калгам

Turmush -  Ө.Бабановду камайбыз деп келип жатканда мен сактап калгам. Бул тууралуу президент А.Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атада журналисттер менен болгон жолугушууда НТС телеканалынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Журналист президенттик шайлоодо административдик ресурстун колдонулушу, президенттикке мураскер жана КСДПдан президенттикке талапкер болгон С.Жээнбеков жөнүндө суроо узатты.

«Мен мураскер калтырайын десем башкача жагдай болмок. Мен Сооронбай Жээнбековго ишенем. Бирок, ага добуш бергиле деп айткан жокмун да. Аны 22 жылдан ашык убакыттан бери билем.

Өмүрбек инимди (Өмүрбек Бабанов) жакшы эле жетелеп жүрөбүз, жакшы жигит. Кээде өтө жулунбаш керек. Силер ага жакшы көрүнөм деп өзүн жаманатты кылып жатасыңар. Бабановду 2010-2011-жылы камайбыз деп келип жатканда мен сактап калгам, «койгула мындай оюндарды» деп. Бабанов көрүнүктүү жигиттердин бири. Бирок, бирөөнү шыбап президент кылам десеңер жакшы эмес болот. Бабановду шыбап жаткан Атамбаев же Жээнбеков эмес, башкалар шыбап жатат. Башка жакты карагыла. Өзүңөр тытышып жатсаңар Атамбаевдин, Жээнбековдун эмне тиешеси бар? Артык кылам деп, тыртык кылып аласыңар. Бабанов президент болбой калса эле административдик ресурс болду деп... Менин көргөнүмдүн жүздөн бирин көрө элексиңер», - деди президент.

Коомчулукта НТС телеканалы Ө.Бабановдуку экени айтылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6902
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу