Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

«Саякбай» тасмасы Монреалда баш байге үчүн ат салышат (фото)

Turmush -  Залкар манасчы Саякбай Каралаевге арналган «Саякбай» тарыхый көркөм тасмасы Монреал кинофестивалында баш байге үчүн ат салышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда «Саякбай манасчы» эл аралык фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кинофестивалга катышууга укук алган «Саякбай» тарыхый көркөм тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 24-августта Канадада болот. Ага тасманын башкы режиссеру Эрнест Абдыжапаров жана «Саякбай манасчы» эл аралык фондунун президенти, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси жана тасманын башкы продюсери Саматбек Ибраев барат.

Монреал кинофестивалы 1977-жылы түзүлгөн. «А» классындагы дүйнөлүк фестивалдардын бири болуп эсептелет.

Саякбай Каралаевге арналган «Саякбай» тарыхый көркөм тасмасынын тар чөйрөдөгү бет ачары Бишкек шаарында 21-июнда өткөн. Бул тасманын расмий бет ачары 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө болот.

Эрнест Абдыжапаров режиссерлук кылган тасманы тартуу иштери Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Семиз-Бел айылында 2015-жылдын октябрь айында башталып, 2016-жылдын октябрь айында жыйынтыктылган. Анда, Саякбай манасчынын ролун Марат Жанталиев аткарса, Чыңгыз Айтматовдун образын уулу Эльдар Айтматов жаратты. Элина Абай кызы Каныкейдин ролун аткарган. Ошондой эле, башкы ролдордо Бакытбек Нурмат уулу, кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөт уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1230
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:36,   25.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×