При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Элдик уламыш: Баткенди суу менен камсыздоочу Суу-Башы булагынын сыры азыр да чечиле элек (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы булагынын табышмагы жергиликтүү элге жакшы белгилүү. Аймактык кабарчы булактын таржымалын тактады.

Айыл элинин айтымында, булактын жанында 500 жылдан бери өсүп жаткан терек бар. Анын кайсы заманда ким тарабынан тигилгени белгисиз. Булактын суусу жаз-күз бүтүндөй Кара-Булак айылындагы 900дөй түтүндү сугат суу жана таза суу менен камсыздап турат. Элеттиктер Суу-Башы суусун эзелтеден ааламдын 7 табышмагынын бири деп аташат. Анын табышмактуулугу булакка суунун мынчалык көп запасы кайдан келет деген суроого келип такалат. Жер астындагы бир агым менен чыгып турган Суу-Башы жана Сары-Таш суулары Кара-Булактагы Ак-Дөбөдөн кошулуп бир дарыяны түзгөнү, кийин ар кандай доорлор өтүп, бара-бара ал дарыя жоголуп кеткени айтылат.

Тарых илимдеринин кандитаты Абдинаби Кадыровдун айтымында, 1871-жылы орус саякатчыларынын бири Баткен аймагына келген. Ал өзүнүн «Түркстанга сапар» аттуу китебине Кара-Булак эли сууну Казак дарыясынан алып ичет деген маалыматты калтырган. Жергиликтүү эл ичинде «Донмон, донмондун үстүн көмгөн» деген сөз айтылып келет. Илгери Суу-Башы суусу бир өзөн дарыя болуп, айылдын гана эмес, Баткендин бир нече айылын суу менен камсыз кылганы айтылат. Дарыя бойлой жашаган эл бакубат жашоодо жашап жүргөндө эки хандын ортосунда келишпестиктер пайда болуп, бири Донмон дарыясындагы Суу-Башынын жер асты менен башталган туннелдин арыгынын оозун кийиздер менен бекитип, таштар менен тосуп салат. Ошондон тартып «Донмон, донмондун үстүн көмгөн» деген сөз айтылып калган.

Суу-Башы суусунун азайып кеткенине байланыштуу суу кайсы тараптан келээрин аныктоо үчүн айыл тургуну Жоробек Абдисаттаров аны изилдей баштаган. Эгер чынында эле оозу бекитилип калган туннелдин арыгынын оозу табылып ачылса, анда Баткен аймагынын жалпы суу жетпей турган жерлери суу менен камсыздалмак.

2007-жылы 21-августта Баткен шаарындагы таза суу чорголорунан кызгылт түстөгү суу чыгып кеткен. Ошол учурда таза суу келүүчү Сары-Таштын жана Суу-Башы суулары да кызыл түстө агып жаткан. Донмондук жашоочулар катуу жаандан кийин дарыя кызгылт түскө боелуп калгандыгын айтышкан. Андан улам экспертизадан өткөргөндө бардык суу бирдей делген корутунду чыккан.

Дарыядан суу кирген туннелдин оозун табуу керектигин ойлонгон Жоробек Абдисаттаров Гидротехникалык, геологиялык жардамдарга муктаж болуп, депутаттарга чейин кайрылат. Бирок, алар «жакшы иш баштаптырсың» дегенден башкага жараган эмес. 2007-жылдан бери унаа барбаган Донмон суусунун башына жетүү үчүн эки күндөп жөө жүрүп, дарыянын ар бир таштарын карап, Донмондогу бекилип жаткан суунун табышмагын тапкан. Аны уккан эл аны колдоп, техникалык жабдыктар, унааларга чейин колдоо көрсөтүшкөн. Жергиликтүү бийлик дарактарды кесүүгө уруксат бергенден кийин 2016-жылы жаштардан түзүлгөн топ кезек-кезеги менен 10-15 күндөн иштей башташкан. Алардын негизги максаты агып жаткан суунун курун эч бир жардыруусуз, башка тобокелчиликке барбай туруп, шахталык туннел арыгы аркылуу сууну мурдагы жер астындагы агымга жеткирүү болгон. Туннелди казып бүтүүгө 2 метрдей аралык калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, иш токтоп калган. Бирок, суу куруна келүүчү агым каптарга толтурулган кумдар менен тосулуп, айылга баруучу суунун көлөмү көбөйгөн. Натыйжада Кара-Булак айылына кыш мезгилинде да суу келип, иштебей калган тегирмендер иштей башташты.

Эгер шахталык туннел аягына чейин чыгып, мурдагы жер астында агып жаткан сууга кошулса, анда бүтүн Баткен аймагы суу менен кеңири камсыздалмак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу