Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк чемпионаттагы эң күчтүү балбан кыздардын тизмесине кирди

Turmush -  Бириккен күрөш дүйнөсү Париждеги дүйнөлүк чемпионатта чүчү кулак кармоодо эң күчтүү деп эсептеле турган балбан кыздарды атады. Мындай рейтинг Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттын жана континенттик чемпионаттардын жыйынтыгы менен жарыяланды.

Маалым болгондой, бул система күчтүү балбандардын беттешүүсүнө кепилдик берет.

Франциянын Париж шаарында 21-июлдан 26-июлга чейин грек-рим жана эркин күрөш боюнча аялдар жана эркектер арасында дүйнөлүк чемпионат өтөт.

58 кг салмак даражасы боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова чүчү кулак кармоодо эң күчтүү деп эсептелген балбан кыздардын катарына экинчи болуп кирди. Биринчи тизмеде россиялык спортчу Валерия Жолобова турат. Мындан тышкары, күчтүүлөрдүн катарына ушул эле салмак категория боюнча япониялык Каори Ичо жана Тунис Республикасынан Марва Амри да кирген. Бул спортчулар жарым финалга чейин эле беттешке чыгышы мүмкүн.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсү 12-июлда жаңылаган рейтинг боюнча дүйнөдөгү күчтүү балбандардын ичинен 3-орунда турат.

Ошондой эле, эң күчтүү эркек балбандардын катарына кыргызстандык спортчу Магомед Мусаев кирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 995
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×