Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Айыл турмушу: 54 жаштагы Г.Ногойбаева окууну аяктагандан бери ооруканада медайым болуп иштеп келет (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасында окууну аяктагандан бери медайым болуп иштеп келе жаткан Гүлнар Ногойбаева учурда 54 жашка келди. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1984-жылы азыркы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык окуу жайдын фельдшердик бөлүмүн бүткөн. Турмуш шартына байланыштуу убагында Нарын облустук ооруканасында эмгектенип жүрүп, кийин 1990-жылы Жумгал районунда иштеп калган.

Г.Ногойбаева үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын энеси.

«Убагында балдарды дарылоо, кайра жандандыруу бөлүмүндө башкы медайым болуп эмгектендим. Азыр хирургия бөлүмүндө медайым болуп иштейм. Иш күнүбүз бейтаптардын ден соолугуна кам көрүү менен башталат. Оорукананын бул бөлүмүндө 5 медайым жана 1 башкы медайым болуп эмгектенебиз. Кезектешип иштейбиз.

Өз кесибимди сүйүп эмгектенип келем. Бош күндөрү үйдө бакча жана мал чарбачылык менен алектенем», - деди Г.Ногойбаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2350
Көп окулду
×