
Маалыматка караганда, анын денеси шаардагы сөөк сактоочу жайда турат. Туугандарына кабар берилди. Учурда жансыз денени мекенине жеткирүү аракеттери көрүлүп жатат.
«Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, анын денесинен зомбулуктун белгилери табылган эмес. Өлүмдүн себеби экспертизадан кийин белгилүү болот», - деп айтылат маалыматта.
Окуя тууралуу:
Кечээ, 16-июлда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык адам көлгө чөгүп каза болгондугу кабарланган.
Маалыматка караганда, каза болгон адам сууга кирген боюнча кайра чыккан эмес. Ал жердеги башка эс алуучулар куткаруучуларды чакырышкан. Жансыз денени суудан 1,5 сааттан кийин таап алып чыгышкан. Анын жээкте калган кийиминен документтери табылган болчу.