Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - Авариядан кийин төшөктө жатканда сүйгөн кызы таштап кеткен Кутман жеңил атлетика боюнча курама команданын мүчөсү болду

Turmush -  Адам баласы жашоодо ар кандай кырдаалдарга туш болобуз. Адатта кубанычтуу мүнөттөрдү анча байкабай жүргөнүбүз менен кайгылуу окуялар, оор сыноолор жан дүйнөнү өзгөчө тополоңго салат. Айрымдар толкундан чыгуунун жолун издесе, кээ бирлер аны тагдырдын жазмышы деп кабылдап калат. Бирок, кандай гана учур болбосун жашообуздун автору өзүбүз болорубуз талашсыз. Болгону 22 жашка толгон Кутман бул сөздөрдү далилдеп, көпчүлүккө чоң үлгү болду деп атасак жаңылышпайбыз. Кыргызстандагы жаштардын №1 басылмасы Limon.KG сайты Кутман менен маектешти.

11

Кутман Жапаров катуу жол транспорт кырсыгынан оор жаракат алып, операциядан кийин калыбына келүүгө мүмкүн эмес, өз алдынча баса албайт деген деңгээлге жеткен. Өзүнүн бекем ишеними, тынбаган аракети жана жакындарынын мээрими, колдоосу менен учурда ал жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасына мүчө болууга жетишти.

«Мен Токтогулда төрөлүп, ошол жакта өстүм. Биздин үй-бүлөбүз чоң — ата-энем, 5 эжем, агам, мен жана кичүү иним болуп жашайбыз. Кичине кезимден спортко кызыгып, спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгып жүрдүм. Бирок, айылда борборго караганда спорт менен машыгуу үчүн шарттар жок.

Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алууну кааладым. Бирок, ага ата-энем каршы болушту. Акыры Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин дене тарбия факультетинин жеңил атлетика бөлүмүнө кабыл алындым. Ал жакка барганыма эч качан өкүнбөйм, себеби көптөгөн жакшы адамдар менен ошол жактан тааныштым. Алардын бири — жеңил атлетика боюнча белгилүү машыктыруучу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент жана мыкты инсан Владимир Александрович Збарский. Ушундай жакшы адам мага экинчи ата болуп калды. Анын командасына 2012-жылы кошулуп, 100 метр аралыкка чуркоо боюнча машыктырып баштады. Менин аракетимди көрүп, көптөгөн ийгиликтерди күтүп жатканын билчүмүн. Анын колдоосу жана эмгеги менен көптөгөн мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп баштадым. 2014-жылы Кыргызстандын атынан КМШ өлкөлөрүнүн чемпионатына катышып, жеңил атлетика боюнча спорттун чеберине талапкер болгом.

Менде ал учурда дүйнөм түгөл эле. Сүйлөшкөн кызым, спорттогу жетишкендиктер, карьералык өсүш, Олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү болуп, өлкөдөгү кадыр-барктуу университетте билим алып жаткам. Бирок, андан көп узабай менин жашоом түп тамырынан өзгөрдү», - деди К.Жапаров.

Кутман 2015-жылдын 1-майында адаттагыдай машыгуудан кийин үйүнө кайткан.

«Ошол күнү катуу чарчап баратканымды билем жана мени катуу бир нерсе сүзгөнү гана эсимде. Мени кандайдыр бир унаа менен терең чуңкурдан чыгарып жаткан адамдарды чала-була көрүп жаттым. Аларды көргүм келбей, көзүмдү жумуп алдым. Ошол боюнча көзүмдү 17-майда ооруканадан ачтым. Комадан чыкканда биринчи эле «апа» деп айтып, катуу ыйладым. Менин өзүмө келгенимди көргөн жакындарым, туугандарым дагы катуу сүйүнүштү. Ошол күндөрү менин жанымда ата-энем, туугандарым, досторум, бир командада ойногон спортчулар, тайпалаштарым болду. Бирок, мен байкем менен эжемден башка эч кимди тааныбай, эстей албай жаттым. Андан 10 күн өткөндөн кийин гана акырындап жакындарымды таанып баштадым. Ал эми, сүйгөн кызым..... Туугандарым сүйгөн кызым алгачкы 10 күнү жанымда болгонун, андан кийин келбегенин айтышты.

Ал эми, дарыгерлер мендей жаракат алган бейтаптар сыяктуу эле мындан ары өз алдымча баса албай турганымды айтышты. Авариянын кесепетинен омурткам сынып, башымдан катуу жаракат алгандыктан операция жасалып, сол тарабым кыймылсыз болуп калган. Дарыгерлер айткандай эле мен төшөктөн тура албай, 25 күн ооруканада жаткандан кийин үйгө чыгарышты. Андан кийин күн-түн тынбай карап жаткан Назгүл эжемдин үйүнө бардым», - деди Кутман.

Адатта, мындай кырдаалга туш болгон адамдар агрессивдүү болуп, психикалык жактан катуу жабыркап, өзүн керексиз сезип, жашоодон үмүтүн үзүп башташат. Ошол күндөрү Кутман дагы өтө оор абалда болуп, бирок жакындары ал үчүн катуу кайгырып, жардам көрсөтүп, колдоп жатканын туюп турду. Жакындарынын мээрими менен өзүн колго алган жаш жигит ишенимин жоготпой, алдыга умтулуп баштаган.

«Мен өзүмдү үйдө же оорукана эмесмин, жайкы Олимпиада оюндарында өлкөмдүн намысын коргоп, биринчи орунду ээлейм деп элестете берчүмүн. Ушундай кыялдануу менен төшөктө 3 ай жаттым», - деп кошумчалады ал.

Кутман 20 жашында кайрадан бардык нерсени башынан үйрөнүп баштаган.

«Алгач мен багып жаткан эжемдин жардамы менен отурганды үйрөндүм. Анын мага болгон ишеними өзгөчө колдоо болуп, дем берип жатты. Андан кийин акырындап балдак менен туруп, эжемдин жардамы менен кадам шилтеп баштадым. Акырындап өз күчүм менен турганга көндүм. Албетте, мунун бары мен үчүн абдан оор болду. Бирок, бутумдан туруп, спортко кайтуу каалоом күч болгондуктан бардык кыйынчылыктарга чыдадым. Качан гана өз алдымча туруп, кадам шилтеп калганда ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап баштадым», - деди Кутман.

Жараткандан ооруканадан көзүн ачкандан баштап чыдамкайлык сурап, кайрадан спортко кайтуусуна жардам берүүнү тиленген Кутман учурда жеңил атлетика боюнча өлкөнүн курама командасынын мүчөсү.

«Менин жашоом авариядан кийин толук өзгөрдү. Жараткандан тынчтык, жакындарыма жакшылыктарды тиленип, мүнөзүм, көз карашым өзгөрүп, токтоо болуп калдым. Учурда курулуш фирманын директорунун айдоочусумун. Албетте, Олимпиадага катышуу кыялым менен машыгууларды улантып, ар кандай мелдештерге, чемпионаттарга катышып жатам. Жараткандын колдоосу, талыкпаган эмгек жана күчтүү каалоо менен бардык нерсеге жетишүүгө болот деп ишенем», - деди Кутман.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 40686
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Maral6
13:25, 18 июля 2017
Молодец! Дай аллах здоровья тебе и твоим близким.
Нет аватара
aikader
15:40, 17 июля 2017
Азаматсын! Аллахым ден соолук берсин!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу