Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

«Мекендештер»: Иркутск шаарында гүл өстүргөн А.Төрөбекова жолдошу менен айылында үй курдуруп жатышат (фото

Turmush -  Россиянын Иркутск шаарында жашаган мекендешибиз А.Төрөбекова көп жылдык петуния гүлдөрүн өстүрүү менен алек. Учурда айына 30 миң рублга жакын киреше алып жатканын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

31 жаштагы мекендешибиз Таластагы Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында өскөн.

«Мектепти аяктагандан кийин Боо-Терек айылында жашаган Адилет Соорбековго турмушка чыктым. Биз 3 балалуу болдук. Иркутск шаарында иштеп жатканыбызга 2 жыл болду. Келгенден бери петуния гүлдөрүн өстүрүп, аларды кардарларга сатып өткөрүү менен алектенип жатам. Гүлдөрдү жаз алды менен сыртка өстүрсөм, кышкысын бир температурадагы бөлмөдө карайм. Бул гүлдөрдүн 10дон ашуун түрлөрү бар. Азыркы тапта 300 түпкө жакын гүл өсүп турат. Анын бир түбүн 100 рублга баалайбыз», - деди мекендешибиз.

Гүлдөрдү күнүнө бир маал сугарып, түптөрүн отоп турат. Жумушу жеңил болгондуктан бош убактысында жолдошуна да жардам берүүгө жетишет. Учурда алыста жүргөн үй-бүлө Бакай-Атадагы айылында үй куруп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2034
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу