Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, - 16-июлга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 16-июлда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн +12...+17
күндүз +27...+32

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн +8..+13
күндүз +24...+29

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +15...+20
күндүз +28...+33

Баткен облусунда
түнкүсүн +14...+19
күндүз +28...+33

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +8...+13
күндүз +18...+23

Нарын облусунда
түнкүсүн +7...+12
Күндүз +18..+23

Бишкек жана Ош шаарларында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +15...+17 градус, күндүз +29...+31 градус болот.
Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +30...+32 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1903
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×