Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Шотландияда жашыл күчүк туулду

Turmush -  Шотландияда өзгөчө түстөгү күчүк туулганын РИА Новости маалымат агенттиги жергиликтүү басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди. Маалым болгондой, аталган күчүк бир туугандарынан айырмаланып, жашыл болуп туулган.

DEwrpkMWsAE1ZJN

Алгач күчүктү көргөн ээлери ишенишкен эмес. Кийинчерээк буга күчүктүн энесинде гемоглобиндин төмөндөп кеткени себеп болгонун билишкен. Бирок, адистер күчүктүн ден соолугуна эч кандай терс таасир тийгизбей турганын айтышкан.

Буга чейин Улуу Британияда да лабрадора-ретривера тукумундагы жашыл түстөгү күчүк туулган болчу. Күчүктүн кожоюндарынын айтымында, алар күчүк туулганда кара өңдө деп ойлошкон. Бирок, кийинчерээк күчүктүн жашыл түктөрүн көрүшкөн.

«Биз күчүктү көргөндө күлүп, жашыл ит болбойт дегенбиз», - деди күчүктүн кожоюну Элани Купер.

Маалыматка караганда, күчүктүн энесинин жана анын бир туугандарынын түсү күрөң. Ал эми, мындай өзгөчө түстүн келип чыгуусу күчүктүн энесинде гемоглобин төмөндөп, биливердиндин (өтүнө жашыл кычкылтектер толуп кетүү) пайда болушу менен түшүндүрүлгөн. Бирок, бул күчүктүн ден соолугуна эч кандай терс таасирин тийгизген эмес.

233f2fa21943ff6b42e51f7991a55ccb_500_0_0

Кожоюндар күчүктү «Шрек» мультфильминдеги Фионага окшоштуруп, Фифи деп аташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1181
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу