Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Монгол лидери Х.Баттулга — резиденцияда жашоодон баш тартып, жумушка жөө барган президент

Turmush -  Монголиянын жаңы шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга резиденцияда жашоодон баш тартты. Өлкө башчысы үчүн каралган резиденцияда парламенттин төрагасы Миеэгомбын Энхболд жана премьер-министр Жаргалтулгын Эрдэнэбат жашайт.

20151104094042-IMG_9720

Акыркы 63 жылдан бери Монголиянын башчылары — Юмжагийн Цэдэнбал, Жамбын Батмунх, Пунсалмаагийн Очирбат, Нацагийн Багабанди, Намбарын Энхбаяр жана Цахиагийн Элбэгдорж тыкыр көзөмөлгө алынган резиденцияда жашап келишкен.

Президент Халтмаагийн Баттулга борбордук почтанын каршысындагы анча чоң эмес үйдө жашоону жана үйүнөн 400 метр алыстыкта жайгашкан иш бөлмөсүнө жөө баруу чечимин кабыл алган.

Мамлекет башчысынын администрациясы башка чиновниктер да кызматтык унааларынан жана жеңилдиктерден баш тартат деп үмүттөнүшөт.

17615f5d4575b87747c7c93b116cfaa1

Халтмаагийн Баттулга 1963-жылы 3-мартта Улан-Батор шаарында туулган. Ал учурда Монголиядагы эң бай адамдардын бири болуп саналат. Баттулга 1990-жылы чакан тигүү цехин ачып, жеке ишкерлигин баштаган. Бул мезгилде Монголияда кездемелер арзан болгон. Өлкө башчысы кичинекей балдардын кийимдерин тигип, Венгерияга, андан соң Сингапур Республикасына саткан. Ал жерден Монголияга 600 долларлык бир нече видеокамераларды алып келип, алардын ар бирин 1200 доллардан сатуу менен жакшы киреше тапкан.

16864279_778909562262439_222487062634174644_n(1)

Баттулганын биринчи аялы Ц.Энхтуяа «Нүүдэлчин» компаниясынын директору. Ал эми, учурда бирге жашаган жубайы Анжелика Даваин орус кызы. Баттулга Анжеликаны «жаман көздөрдөн» сактоого аракет кылып, аны көп коомчулукка чыгара бербейт. Ал экөөнүн ортосунда эгиз балдар бар экендигин гана айтып келет.

Ал эми, саясаттагы карьерасы 2002-жылы башталган. Халтмаагийн Баттулга Монголиянын Баянхонгор аймагындагы жөнөкөй элдин оор жашоосун көрүп, саясатка аралашууну чечкен. Алгач депутат болуп шайланып, Монголиянын транспорт, өндүрүш министри болуп эмгектенген.

_HjD4Ral

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2231
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу