Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө «Кыргыз айылы» этно борбору ачылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында «Кыргыз айылы» этно борбору ачылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өлкөнүн ар тарабынан келген коноктор катышты.

«Кыргыз айылы» этно борбору бир ай бою ишмердүүлүгүн жүргүзүшүп, элибиздин маданиятына, улуу мурастарына, руханий баалуулуктарына кайдыгер карабаган адамдардын башын бириктирип, бул багытта илимий-практикалык сабактарды өткөрүшмөкчү.

Этно борбор Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Кыргыз жолу» коомдук бирикмесинин демилгеси менен ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2141
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
moison
13:59, 14 июля 2017
Этно борбору кана сүрөтү эмнеси менен этно жана борбор экен))))) прикольно?
Көп окулду
×