При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Жеңеке: Нарындык Гүлмира жеңе иштермандыгы менен кайын журтун таң калтырган (фото)

Turmush -  Нарында чоңоюп, БакайАта районунун Боо-Терек айылына келин болгон 44 жаштагы Байболсунова Гүлмира жеңени кайын журту иштермандыгын көрүп ыраазы болушкан. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Жумгал районунун Байзак айылында туулган. Мектепти аяктаган соң мугалимдик кесипке ээ болгон. Учурда мектепте мугалим болуп иштейт. Жолдошу Нурлан Жумакеевге 23 жашында турмушка чыккан.

«Нурлан менен окуу жайдан таанышып калгам. Ал менден 2 жашка улуу болчу. Бир көргөндө жылдызыбыз келишип бат эле тил табышып кеттик. Студент кезде мен айылга товар салып турчумун. Жолдошум ошол кезде базардан соода кылышып, таксиге салып, кайра мени айылдан тосуп алып эле жүрчү.

Бир күнү курбу кызым экөөбүздү конокко чакырганынан бара албай калганбыз. Ал болсо Таластын күлчөтайын, боорсок жасап, күтүп отуруптур. Ошол учурду азыркыга чейин «аябай даярданып күткөм» деп айтып калат. Нурлан мага суйуусун жаңы жыл күнү билдирген. Мен да жакшы көрчүмүн, жок деген жокмун. 1996-жылы кыш мезгилинде баш коштук.

Мен көп кайын эжелүү жерге бардым. Аларды чакырып коноктогонду жакшы көрчүмүн. Алар келгенде сөзсүз мал союп күлчө жасайбыз. Мен камыр жая албай эптеп үйрөнгөн болчумун», - деди ал.

Жеңеке буга катар эле, талаада дыйканчылык иштерге кол кабыш кыла тургандыгын кошумчалады.

«Мен талаага чыгып иштебегендиктен башкалар бул жумуш кылбайт го деп ойлочу экен. Талаага чыгып төө бурчак чаап жүрсөм бир эже көрүп алып «аябай иштейт экен» деп айтыптыр. Кийин мага «сен иштерман турбайсыңбы» деп күлгөн.

Нарынга жыл сайын бир барып турабыз. Жолдун алысы эле болбосо Таласка келин болгонума өкүнбөйм», - деди ал.

Гүлмира жеңе 6 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 595
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу