Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - Бишкекте эң сулуу дунган кыздар аныкталды

Turmush -  Бишкек шаарында кечээ, 12-июлда «Дунган сулуусу-2017» сулуулар сынагы өттү. Жыйынтыгында жеңүүчү болуп Амина Юнусова аталса, 15 жаштагы Жамиля Ванахун биринчи вице-мисс, Адель Хафизова экинчи вице-мисс болду.

Ошондой эле, катышуучулардын артыкчылыктарына жараша бир катар наамдар берилди.

- Фатима Солмахунова «Стилдүү сулуу» болсо;

- Сабина Маджун «Спорт сулуусу»;

- Салима Литсун «Достук сулуусу»;

- Салима Лансарова «Күлкү сулуусу»;

- Амина Маян «Сүрөт сулуусу» болду.

Сынактын катышуучулары табигый сулуулугун даңазалоо менен улуттук кийимдерди, талантын, интеллектуалдык деңгээлин көрсөтүп, өздөрүнүн улуттук каада-салттарга, тарых жана маданиятка байланыштуу тапшырмаларды аткарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4364
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу