Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фоторепортаж - Жумгалдагы эң жаш айыл өкмөт башчы Б.Кадыров жетектеген Чаек айыл өкмөтүндөгү жетишкендиктер

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүндө Кадыров Бектен Солтобековичтин жетекчилиги менен бир катар көйгөйлөр чечилип, алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Ошондой эле, алдыда элдин социалдык-экономикалык жашоосун жакшыртуу, айылдын бюджетин көтөрүү жана башка багыттар боюнча бир катар пландар коюлган. 

1 главный бетке

Бектен Кадыров Жумгал районунун Чаек айылында 1988-жылы төрөлгөн. 1996-жылы Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясына кабыл алынып, 2006-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинен жогорку билим алып баштап, 2012-жылы юрист болуп чыккан. 

Эмгек жолу:

- 2007-2010-жылдары жеке ишкер. Жумгалда биринчилерден болуп жергиликтүүлөрдү уюлдук телефон жана аксессуар менен камсыздаган дүкөн ачып, андан сырткары уюлдук телефондорду оңдоо жана башка кызматтарды көрсөткөн;

- 2010-2012-жылдары уюлдук компаниянын Кочкор жана Жумгал райондору боюнча район аралык адиси;

- 2012-2014-жылдары «ЛАРК Жумгал» коомдук фондунда юрист;

- 2012-2016-жылдын 4-мартына чейин Чаек айылдык кеңештин депутаты;

- 2014-2017-жылдын 20-январына чейин «ЛАРК Жумгал» коомдук фондунун директору;

- 2017-жылдын февраль айынан баштап Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы. 

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Б.Кадыровдун жетекчилик кызматка келиши менен аталган айыл өкмөттө социалдык объектилердин курулушу башталып, эски имараттар капиталдык оңдоодон өтө баштады. Айылдардагы бала бакчалар көзөмөлдөн өтүп, таза суу жетпеген айыл жана жаңы конуштарга суу тартуу иштери башталганы турат. Ошондой эле, таштанды таштоочу тосмолорду орнотуу, жаңы бала бакчаларды түптоо багытындагы иштер жүрүп жатат. Андан тышкары, конуштарга жаштар үчүн кичи футбол аянтчаларын куруу долбоорлору бар. Ошону менен бирге айылдардын көчөлөрүн жарыктандыруу, райондун борбордук жолун асфальттоо, жаңы трансформаторлорду жана электр мамычаларын орнотуу, электр чубалгыларын тартуу, канализация куруу иштери жүргүзүлүп баштады.

Коррупцияны алдын алуу жана зордук-зомбулукка бөгөт коюу максатында айыл өкмөттүн имаратына жана айыл өкмөткө караштуу 2 мектепке (жалпы 4 мектеп бар) видеокамералар орнотулду. Учурда айыл өкмөттө үчүнчү мектептин имараты жаңы курулуп жатса, төртүнчү мектепке дагы видеокамераларды орнотуу пландалууда. Орто билим берүүчү мектептер интернет байланышы менен камсыздалып, заманбап шарттар түзүлүп жатат.

Чаек айыл өкмөтү 1996-жылдын 20-мартында айыл өкмөт болуп уюшулган. Курамында Ак-Татыр, Чаек, Беш-Терек айылдары бар. 

Статистикалык маалымат:

Айыл аймактагы жалпы түтүндүн саны 2017-жылдын 1-январына карата – 2917 түтүн болсо, калкынын саны 11 миң 966 адам.

Айыл аймактагы жалпы жердин аянты  31422 га, айыл чарба багытындагы жерлер  2207 га, айдоо жер 1908 га, кайрак жер 80 га, жайыт  28682 га, көп жылдык чөп 41 га жерди ээлейт.

Чарбада жалпы 3745 баш ири мүйүздүү мал, 2209 баш жылкы, 27283 баш кой-эчки, 7665 баш үй канаттуулары катталган.

Айыл өкмөттө аксакалдар соту, аялдар комитети, жаштар уюму, 4 орто билим берүү мектеп, 1 кесиптик лицей, 2 бала бакча, балдар үйү, маданият үйү, клуб, 2 китепкана, музыкалык мектеп, музей, спорт мектеп, футбол аянтчалары, 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП, медициналык дарыкана, байланыш бөлүмү, 4 мечит, 2 эс алуу паркы, 5 кичи насыя берүү агенттиги, жашылча-жемиш өстүрүүчү күнөскана, жайыт комитети, муниципалдык ишкана, суу пайдалануучулардын бирикмеси, отун кампасы (ТОП база), коомдук үрөн чарба бирикмеси кызмат көрсөтүп келет.  

Географиялык жайгашуусу

Чаек айылы — Жумгал районунун борбору. Нарын облусунун борборунан 240 км, Бишкек шаарынан 360 км, Балыкчы темир жол бекетинен 180 км алыста жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1810 метр бийик. Климаттык шарты кышы суук, жайы ысык болуп, кургакчыл келет. Жери тоолуу, таштуу, жалпы аянты — 2019 га. Чаек айыл аймагы түндүктөн Чүй облусунун Жайыл району менен, батыштан Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз айыл аймактары, түштүктөн Ак-Талаа району, чыгышынан Байзак айыл аймагы менен чектеш.

2017-жылдын 1-кварталында аткарылган иштер

2017-жылдын 1-кварталында ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуу үчүн 471 баланын документтери тапшырылган.

Совет аскерлеринин Афганистандын аймагынан чыгарылган күнүн белгилөө үчүн 6 ардагерге 3 миң сомдон 18 миң сомго чейин, хоккей кубогун өткөрүү жана Нооруз майрамын белгилөөгө 30 миң сом акча каражаты жумшалды. Мындан тышкары, 5 жашоочуга 500 сомдон жардам, Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөдө 20 энеге 500 сомдон белек берилип, аз камсыз болгон 2 үй-бүлөгө 2 миң сомдук азык-түлүктөр таратылды.

Айыл аймактагы бодо малдарды идентификациялоодон өткөрүү үчүн 1600 бирка алынып келип, 64 миң сом акча каражаты каралган. Бодо малдарды идентификациядан өткөрүү иштери 2017-жылдын күз айына чейин улантылат. 

Ар кандай жугуштуу ооруларды жана мал-жандыктарга кол салуунун алдын алуу багытында 50 ит, 3 чөө атылды. Чаек, Беш-Терек айылдарында таза суу түтүктөрүн реконструкциялоо боюнча долбоор жазылып, сунуштар берилди. Чаек айыл аймагындагы Узун-Булак аймагына өзгөчө кырдаалдар бөлүмү аркылуу 300 түп тал-терек отургузулду.

2-кварталдан баштап Чаек айылынын жаштары демилге көтөрүп, кум-шагыл ташуучу техникалар кызматына акча албастан, айыл ичиндеги 27 ички көчөлөргө кум төгүлүп, түздөлдү. Чаек айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынып, 1348 литр күйүүчү май бөлүндү. Ошондой эле, №24 жол тейлөө ишканасы Чаек айыл аймагынын 27 көчөсүн оңдоо иштерин акысыз жүргүзүп беришти.  

Швейцария өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбооруна Чаек айыл өкмөтү пилоттук сынактан тандалып, учурда иш кызуу жүрүп жатат.  

Электр энергиясын үнөмдөө үчүн Чаек айылынын борбордук көчөсүндөгү түнкү жарык берүүчү жабдуулар 8 аймакка бөлүнүп, эсептегичтер коюлду. Андан тышкары, жергиликтүү элдин жана демөөрчүлөрдүн жардамы жана Чаек айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 160 прожектор Чаек айылынын ички көчөлөрүнө коюлду.  

Чаек айыл өкмөтүнүн борбордук көчөлөрүнө 7 даана таштанды таштоочу тосмо орнотулуп, дагы 8 тосмо орнотуу иштери жүрүп жатат. Учурда жуманын бейшемби жана жума күндөрү 6 көчөнү коммуналдык чарбанын унаалары кыдырып, таштандыларды чогултуп кетүүдө. Эми 10 көчөдөгү таштандыларды тазалоого даярдык көрүлүүдө.  

ӨКМ тарабынан 400 литр күйүүчү май бөлүнүп, Чаек айыл аймагынын кооптуу делген Узун-Булак, Байдөбөт тилкелеринде жана Жумгал суусунун жээгинде бекемдөө иштери жүргүзүлдү.  

2017-жылга карата стратегиялык план

Чаек айыл өкмөтү акыркы жылдары БУУнун өнүктүрүү программасы, АРИС, Швейцариялык Кызыл Крест, МЕРСИКО уюмдары менен өнөктөш болуп келет. Жергиликтүү тургундар банктардын, насыялык уюмдардын кызматтарын пайдаланат. 

Келечектеги «Элес» — муниципалитеттин 10-15 жылда, тагыраак айтканда өнүгүүнүн кадамдары менен келечекте жетүүчү жыйынтык. Анын чечмелениши — Чаек айыл аймагынын тургундары келечекте социалдык тармак жана айыл чарбасы өнүккөн, инфраструктурасы бай, чакан ишканалар кызмат көрсөткөн, экологиялык таза келечекти элестетебиз.

Айыл өкмөттүн тургундары Чаек инфраструктурасы бай, социалдык жактан жетишкен эң алдыңкы айыл өкмөттөрдүн катарына киришине терең ишенет.  

Чаек айыл аймагы кандай багытта өнүгүшү керек?

1. Онугуу багыттары Мал чарба жана талаачылык алдыда

Айыл үчүн кандай долбоорлор керек?

2. Долбоордун диаграммасы
Эң маанилүү приоритеттердин бири — бала бакча куруу

Эӊ маанилүү багыт — айыл тургундарынын үй-бүлөлүк кирешесин жогорулатуу.

3.киреше булагы

Коомчулуктун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берген сунуштары жана ой пикирлер:

- Айылдарга бала бакчаларды куруу;
- Чакан ишканаларды ачуу менен элди жумуш менен камсыз кылуу;
- Көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү;
- Көчөдөгү арыктарды жана көпүрөлөрдү ондоо;
- Электрстанцияларды оңдоо;
- БСР куруу;
- Ветеринардык клиника ачуу (малдын ылаңдары көп);
- Насыя алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү;
- Көчөлөрдү таштандылардан арылтуу;
- Жазгы айдап себүүдө күйүүчү майды арзан баада саттыруу. 

Сунуштарды эске алуу менен Чаек айыл аймагында жайгашкан мекеме-ишканалар, коомдук бирикмелер, жарандар биргелешип ишке ашырууну көздөйт. 

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү

Киреше бөлүгү

Мазмуну

2013

2014

2015

2016

2017

Киреше

10204,3

12561,4

13524,3

15268,4

 

Өсүш

 

2357,1

962,9

1744,1

 

4. диаграмма сандар
Чыгаша бөлүгү

Мазмуну

Статья

2013

2014

2015

2016

2017

1

Маяна

2111

3161,8

3988,6

3952,2

4222,0

 

2

Соц.фонд

2121

540,5

585,7

619,7

709,0

 

4

Кызматтык кыдыруу

2211

461,3

64,4

164,0

510,0

 

5

Байланыш кызматы

2212

137,5

137,5

126,1

376,0

 

6

Транспорттук чыгым

2214

562,9

573,0

716,0

835,0

 

7

Ар кандай кызмат көрсөтүү

2215

1775,5

1119,2

1003,8

606,0

 

8

Дары-дармек

2217

58,0

20,0

30,0

60,0

 

9

Азык-түлүк алуу

2218

893,2

881,9

924,2

1052,0

 

10

Мүлктү оңдоо

2221

777,0

377,1

469,0

622,0

 

11

Буюм жана материал алуу

2222

521,9

140,0

273,1

598,0

 

12

Көмүр жана отун алуу

2224

36,0

1346,4

1480,6

2120,6

 

13

Суу акысы

2231

351,3

313,8

405,3

983,0

 

14

Электр энергияга акы

2232

105,0

1863,3

3137,6

2024,0

 

 

Жалпы сумма:

 

9381,9

11410,9

13301,6

14717,6

 

5. диаграмма сандар
Чаек айыл өкмөтүн 2013-2017-жылдарга карата комплекстүү өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын алкагында 2013-2016 жылдары жасалган жана 2017-2018 жылдарга пландалып жаткан иштер

- Ак-Татыр айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин учурдагы абалына райондон түзүлгөн комиссия жеринде кароо жүргүзгөн. Имаратта окуучуларды окутууга мүмкүн болбогондуктан 2014-жылдын август айынан баштап 72 млн сомдук долбоор менен жаңы мектептин имараты курулуп жатат;

- Чаек айылына спорт комплексинин 3,6 млн сомдук имараты Финансы министрлигинин түрткү берүүчү грантынын эсебинен курулуп жатат;

- Түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2,9 млн сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 744 миң 100 сом бөлүнүп, М.Алыбаев, Т.Турсунбаева атындагы орто мектептердин жана «Шабданбек ууулу Алтынбек» атындагы бала бакчанын жылуулук системасы борборлоштурулуп, 2 отказаны орнотулууда.  

- Айылдык кеңештин сессиясындагы токтом менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250 миң сом бөлүнүп, Чаек айылындагы Э.Сапарбеков, Р.Абдиев, М.Рыскулов көчөлөрүндөгү ички жолдорго кум-шагыл төгүлүп, түздөлдү;

- Айылдык кеңештин сессиясынын токтому менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 35 миң сом бөлүнүп, К.Акиев, К.Кудайбергенова, Э.Сапарбеков көчөлөрүндөгү арыктарга көпүрөлөр салынды;

- ӨКМдин каржылоосу менен 7 млн сомго Беш-Терек, Ак-Татыр, Шортон айылдарындагы жер алдынан чыккан суунун деңгээлин төмөндөтүү максатында 8 км аралыкка ачык дренаж казылды;

- Айылдык кеңештин токтому менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60 миң сом бөлүнүп, жайыт комитетине караштуу Кырчын кыштоосунун жолу оңдолуп, көпүрө курулду;

- Кувейттик донорлордун каржылоосунда 2,7 млн сомго Чаек айылындагы Базаркан коктусуна суу топтоочу резервуар курулуп, 5 суу чоргосу орнотулуп, Ш.Айылчиев көчөсүнүн тургундары таза суу менен камсыз болушту;

- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 миң сом бөлүнүп, Афган согушунун катышуучуларына арналып тургузулган эстеликтин айланасы тосулду;

- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ак-Татыр айылындагы М.Жакыпов көчөсүн оңдоого 20 миң сом бөлүнүп, кум-шагыл төгүлдү; 

- АРИСтин каржылоосу менен Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек орто мектебинин спорт залы курулду;

- Чаек айылындагы Т.Турсунбаева мектеп-гимназиясынын жанына жеке ишкер К.Муратбековдун каржылоосунда 1,8 млн сомго кичи футбол аянтчасы курулган;

- Мерсико өкмөттүк эмес уюмунун каржылоосунда 436 миң сом, ата-энелердин жардамы менен 651 миң сом берилип, жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом каралып, жалпы 1 млн 118 миң сомго Т.Турсунбаева мектеп-гимназиясынын терезелери алмаштырылды.  

- Чаек айылындагы Ш.Исабекова атындагы борбордук эс алуу паркына жеке ишкер А.Исагуловдун каржылоосунда наркы 2,6 млн сомго хоккей жана теннис ойноочу жайлар курулду; 

- М.Алыбаев атындагы орто мектептин эски от казаны жараксыз абалга келип, жергиликтүү бюджеттен 364 миң сомго алмаштырылды.  

- Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 70 миң сомго Чукур айылындагы саздын башындагы каналдын лотоктору оңдолду;

- Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 350 миң сомго Чаек айыл өкмөтүнө комбайн алынып келип, элге кызмат көрсөтүүдө;

- 50 миң сомго Чаек айылындагы Э.Сапарбеков көчөсүнө түнкү жарык берүүчү жабдуулар орнотулду;

- 364 миң сомго Чаек айыл өкмөтүнүн имаратынын чатыры алмаштырылып, оңдоо иштери жүргүзүлдү;

- Саясий партиянын каржылоосунда Кара-Жээк тилкесине наркы 1,1 млн сомдук кичи футбол аянтчасы курулду; 

- Жергиликтүү бюджеттен 90 миң сом бөлүнүп, М.Алыбаев атындагы орто мектепке видеокамера орнотулду;

- Шортон айылындагы Э.Сапарбеков көчөсүнө жеке ишкер А.Кулбараковдун каржылоосунда 200 миң сомдук 250-400 кВт электр трансформатору орнотулду;

- ӨКМдин жардамы менен суунун деңгээлин төмөндөтүү максатында Т.Турсунбаева көчөсүндөгү саздан жана Беш-Терек айылындагы саздан 348 миң сомго ачык дренаждар казылды;

- Чаек айыл өкмөтүнүн Май-Кокту тилкесиндеги таштандыларды таштоочу жерге 100 миң сомго ветеринардык жана фитосанитардык эрежелерге ылайык аң казылды;

- Беш-Терек айылындагы №12 аймактык китепканага композитор М.Бегалиевдин каржылоосу менен 32 миң сомго адабий жана окуу китептер берилди;

- Чаек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт комитетине «HZM 933» үлгүсүндөгү жүктөгүч жалпы 2 млн 70 миң сомго алынып келди;

- Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү бөлүмүнө Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жазылган долбоордун негизинде таштанды чыгаруучу унаа алынып келди;

- БУУнун «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Чаек айыл аймагы боюнча 5 млн 457 миң сомдук 11 долбоор каржыланды;

- «Жашыл долбоор» менен 1 гектарга 300 түп тал, 300 түп терек тигилип, айланасы тосулду;

- №26 кесиптик лицейге тигүүчү машиналар жана электр ширетүүчү жабдуулар алынды;

- Чаек айыл өкмөтүнүн тургуну Ж.Бекмуханбетов БУУга жазган долбоордун негизинде 224 миң сомго күнөскана курулуп, элди жашыл-жемиш менен камсыз кылууда; 

- БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылоосу менен Ак-Татыр айылындагы таза суу түтүктөрүн тартуу жана кеңейтүү боюнча 938 миң сомдук жумуш жасалууда;

- БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылоосу менен Ак-Татыр айылындагы жаңы конушка 488 миң сомго 250-400 кВт/сааттык трансформатор орнотулду;

- БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылоосу менен Ак-Татыр айылынын Т.Мураталиев көчөсүнө түнкү жарык берүүчү жабдуулар 164 миң сомго орнотулду;

БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылоосу менен Ак-Татыр айылындагы Адыр, Өйүз, Орто каналдары 774 миң сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 11 суу бөлүштүрүүчү курулма орнотулду;

- Ак-Татыр айылына «Сапар» жамааты тарабынан темир-бетон шакекчелерин чыгаруучу ишкана 495 миң сомго ачылды;

- Ак-Татыр айылына «Биримдик-Демилге» жамааты тарабынан айыл чарба жана чоң унаалардын дөңгөлөктөрүн оңдоп-желимдөөчү ишкана 497 миң сомго ачылган;

- Ак-Татыр айылына «Ак-Татыр прогресс» жамааты тарабынан эмерек жасоо үчүн 294 миң сомдук станок алынып, элге кызмат көрсөтүүдө;

- БУУнун өнүктүрүү программасынын каржылоосу менен 104 миң сомго «Асыл мал» кой кыркуучу бирикмеси ачылды.

2017-жылга пландалып жаткан иштер 

- Ак-Татыр айылына 100 орундуу бала бакча куруу;

- Чаек айылынын Шортон аймагына балдар ойноочу жай уюштуруу;

- Чаек айылындагы элди таза суу менен камсыз кылуучу «Чаек суу канал» ишканасынын түтүкчөлөрүн реконструкциялоо жана суу чорголорун алмаштыруу;

- Чаек айылынын Э.Матыев көчөсүндөгү борбордук көчөнүн 3 чакырымын асфальттоо;

- Чаек айылындагы спорт комплексинин курулушун бүткөрүү жана пайдаланууга берүү;

- Чаек айыл аймагынын негизги жолун кеңейтип, ички ирригациялык каналдарды казып, эл өтүүчү тротуарларды куруу;

- Чаек айыл аймагындагы ички көчөлөрдү оңдоо, жарыктандыруу;

- Ветеринарык жана фитосанитардык клиника куруу;

2018-жылга карата сунушталган долбоорлордун планы: 

- Киндик-Дөбө аймагындагы ирригациялык каналдардын башына суу бөлүштүрүүчү курулма куруу:

- Беш-Терек айылына таза суу чыгаруу долбоорун сунуштоо;

- Чаек айылында кой-эчкилерди кралинге салуучу жай куруу;

- Беш-Терек айылына 50 орундуу бала бакча курууга долбоор сунуштоо;

- Чаек айылында сүт иштетүүчү жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү кичи цех ачуу;

- М.Алыбаев атындагы орто мектебинин чатырын жана эшик-терезелерин алмаштыруу долбоорун сунуштоо;

- Чаек айылындагы Май-Кокту аймагындагы таштанды төгүүчү жайдын айланасын тосуу долбоорун сунуштоо; 

- Чаек айылын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоорун сунуштоо; 

- Чаек айылындагы ички жолдорду оңдоп-түзөө;

- Чукур айылындагы ички ирригациялык каналдарды капиталдык оңдоодон өткөрүү;

- ФОК-2 спорт комплексин капиталдык оңдоодон өткөрүү;

- Чукур айылында спорт аянтча куруу;

- Ак-Татыр айылына ФАП куруу долбоорун сунуштоо;

- Чаек айылынын борборуна коомдук ажаткана куруу;

- Беш-Терек айылына китепкана куруу долбоорун сунуштоо;

- Беш-Терек айылына түнкү жарык берүүчү жабдууларды орнотуу;

- Чаек айылында жайкы бассейин куруу;

- Ак-Татыр айылына эс алуучу жана балдар ойноочу парк куруу долбоорун сунуштоо;

- Ш.Исабекова атындагы борбордук эс алуу паркындагы аттракциондорду капиталдык оңдоодон өткөрүп, отургучтарды орнотуу;  

Билим берүү тармагы

Чаек айыл аймагындагы 4 орто мектепте 2012 окуучу билим алып, бала бакчаларда 170 бала, балдар үйүндө 20 бала тарбияланууда.

Инфраструктура  

Чаек айыл аймагы боюнча ички чарбалык унаа жолдордун узундугу 65 чакырымды түзөт. Бул жолдордун абалы азыркы учурда талапка жооп бербейт, акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2012-жылы жүргүзүлгөн. Чаек айылындагы асфальтталган борбордук жолдун узундугу 9 чакырым. Азыркы учурда Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан жалпы 6 чакырым жолго 18 млн сом каралып, июль айы менен асфальттоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланган. 

Чаек айыл аймагынын тазалыгын көзөмөлдөп туру жагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү бөлүмүнө тиешелүү. Бул бөлүмдө 12 адам иштейт жана бөлүмгө тиешелүү техникалар бар. Жыйналган таштандылар Май-Кокту аймагындагы бөлүнгөн жер тилкеге төгүлүп турат.  

Элди таза суу менен камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер

Учурда Чаек айылындагы элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу «Чаек суу канал» ишканасынын саздын башындагы тосмосун реконструкциялоо жана суу чорголорун алмаштырууга өкмөткө жазылган долбоордун негизинде иш башталганы турат. 

БУУнун каржылоосунда Ак-Татыр айылындагы «Бүбүайша апа» суу пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жаңы конуштарга суунун көлөмүн көбөйтүүгө кошумча түтүктөрдү тартуу иштери жүргүзүлүүдө. 

Айыл чарба тармагы

Жумгал району агрардуу регион. Ички дүң продукциясынын 60%га жакынын айыл чарба тармагы берет. 2017-жылдын 1-январына карата Чаек айыл аймагында 5 фермер чарба, 1 менчик үрөн чарба, 1 ишкерлер коому иштеп жатат.

Жаман-Талаа жана Киндик-Дөбө тилкелеринде курулган 18 км сугат суу системалары 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосунда пайдаланууга берилген. 

2017-2018-жылдарда малдын асыл тукумдуулугун арттыруу пландаштырылууда. Муну менен бирге Ак-Татыр, Чаек, Беш-Терек айылдарында ветеринардык сервистердин калкка кызмат кылуу сапатын жогорулатуу зарыл. Учурда ветеринардык сервис уюштуруу үчүн күпкө, ветеринардык дарыкана үчүн имарат куруу пландаштырылууда. 

Маданият  

Чаек айылында музыкалык элдик театр, Т.Турсунбаева атындагы маданият үйү, Ч.Дүйшеева атындагы музыкалык мектеби, 2 китепкана, тарыхый-этнографиялык музей бар. Чаек айылындагы элдик театрдын имараты жараксыз болуп калгандыктан, 2017-жылы жаңы имарат куруу боюнча долбоор сунушталып, каржы маселеси чечилген. Каражаттын бир бөлүгү бөлүнүп, курулуш иштери башталганы турат. 

Чаек айыл аймагында 1968-жылы курулган «Т.Турсунбаева» атындагы кинотеатрдын имаратын толук капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. 

Укуктук тартип  

Айыл аймакта коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун санын кыскартуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча коомдук борбор уюшулуп, тиешелүү иштер аткарылып жатат. Бул багытта РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте окуучулар арасында өз өмүрүнө кол салуудан сактоо, мектеп рэкетчилиги, балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулук жана диний экстремизмге каршы бир катар лекциялар окулуп, видеотасмалар көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15770
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
JUMGAL.KG
16:15, 14 июля 2017
Бектен поздравляю тебя, ты молодой, креактивный айыл окмоту в Жумгале. Ты работаешь отлично! . Успехов вам, семейного благополучия, отличного настроения и счастья на долгие годы.
Нет аватара
mirbekasanaliev
15:58, 14 июля 2017
Чаектин ичи центр жана соода сатык жайлары иретке келтирилсе абдан сонун болоор эле? Мыйзамсыз курулуштарды алдыртып, центрдын көркүн бузган бак-дарактар, соода сатык жайлар жана өз билемдик менен алектенген шүмшүктөрдүн тизгиндерин бууш керек. А так Чаекти жылыштар бар, акыркы 3-4 жылда өркүндөйт деп ишенебиз. Айыл өкмөткө ийгилик.
Нет аватара
moison
14:32, 14 июля 2017
Башка айыл өкмөттөрү да ушундай ачык айкын иш алып барышса жакшы болмок, эмне жумуш кылып атасыңар башкаңар?
Нет аватара
moison
14:31, 14 июля 2017
Молодец Бектен ишиңде ийгиликтер болсун.
Чаекти ушул доордо өнүктүрүшүң керек, гүлдөтүп салчы атасын оозурайын жаштар)
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу