При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айсулуу Тыныбекова жаңыланган рейтингде дүйнөдөгү күчтүү 3 балбандын катарында калды

Turmush -  Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсү жаңылаган рейтинг боюнча дүйнөдөгү күчтүү балбандардын ичинен 3-орунду ээледи. Кечээ, 12-июлда жаңыланган рейтинг Перудагы Пан-Америка оюндарынын, Польшадагы эл аралык турнирдин жана Түндүк Европадагы чемпионаттын жыйынтыгы менен чыгарылган.

Кыргызстандык спортчулар Poland Open 2017 турнирине катышып, Азиянын эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган болчу. Бул жеңиш ага дүйнөдөгү 58 кг чейинки күчтүү спортчулар арасындагы алдыңкы 3-орунду сактап калууга мүмкүнчүлүк берди. Анын алдында Олимпиада оюндарынын 4 жолку чемпиону Каори Ичо (Япония) менен Африканын чемпиону Марва Амри (Тунис) гана бар.

6-июнга карата рейтинг

58 кг чейин

1. Риодогу Олимпиадада 1-орунду ээлеген Каори Ичо (Япония);

2. Африканын 2017-жылдагы чемпионатында 1-орунду ээлеген Марва Амри (Тунис);

3. Азиянын 2017-жылдагы чемпионатында 1-орунду ээлеген Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан);

4. Европа чемпионатында 1-орунду ээлеген Грэй Буллен (Норвегия);

5. Klippan Open 2017 турниринде 1-орунду ээлеген Валерия Коблова-Жолобова (Россия).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу