При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

UFC 213: А.Нунес кыргызстандык В.Шевченко менен беттешүүдөн баш тартуусунун себебин түшүндүрдү

Turmush -  UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, бразилиялык Аманда Нунес UFC 213 турниринде кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченкого каршы беттешүүдөн баш тартуусунун себебин түшүндүрдү.

Турнир 9-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтмөк. Бул турнирде Нунес менен Шевченко 61 кг салмакта күч сынашмак. Бирок, Нунес ооруканага жаткырылганы үчүн беттеш болбой калды.

«Бардыгы менин түшүндүрмөмдү уккусу келет. Менин өнөкөт синуситим бар. Мурда аны дарылап жеңип турчумун. Бул жолу андай болбой калды. Салмак түшүрүү учурунда дем ала албай, мурун көңдөйүндө көйгөйдү сезип калдым. Мен өзүмдү жакшы сезбей, беттешке чыкпоону чечтим. Мен таразага түшкөндөн кийин ооруканага жаткырылдым. Алар мени текшеришип, беттешке чыгууга уруксат беришти. Кийинки күнү мен ооруканага кайра бардым. Мени компьютердик томографияга тартышып, мурун көңдөйүндө өсүп кеткен кемирчекти табышты. Мага антибиотиктерди жазып беришти. Мен мурда эч качан беттештен четтетилген эмесмин. Өзүмдүн күйөрмандарымдын алдында кечирим сурайм. Беттеш кайрадан дайындалат. Мен ушул беттешти, ушул каршылашты дагы эле каалайм», - деп жазды Нунес Twitter баракчасына.

Буга чейин UFC 213 турниринде негизги беттеш болот деп күтүлүп жаткан бразилиялык Аманда Нуньес менен кыргызстандык Валентина Шевченконун 9-июлдагы беттеши токтотулганы маалымдалган. UFC чемпиону Аманда Нунес АКШнын Парадайс шаарында боло турган маанилүү окуяга бир нече саат калганда ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Анын атаандашы В.Шевченко ага дарыгерлер рингге чыгууга уруксат бергени менен өзү беттештен баш тартканын социалдык тармактагы баракчасына жазган.

«Нунес тезирээк салмак түшүрүп, кайра салмак кошууну каалаган. Бирок анын кесепетинен ооруканага түшүп калды. Жыйынтыгында медициналык комиссия Нунеске беттешке чыгууга уруксат берди. Бирок, ал андан баш тартып койду. Бүгүн чемпиондук титул үчүн беттешпей калганым өкүнүчтүү. Өзгөчө дайыма мени колдоп, ушул беттешти күтүп, жада калса мен үчүн Лас-Вегаска келген күйөрмандарымдын алдында өкүнүчтүү. Бул окуяга өтө таң калып жатам. Бирок даярдык көрүүнү токтотпостон UFC турнириндеги беттештин жаңы белгилене турган күнүн күтөм», - деп жазды В.Шевченко.

Валентина Шевченко менен Аманда Нунес UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн болуучу беттештин алдында ачык машыгуу өткөрүшкөн. Машыгуу 5-июнда АКШнын Лас-Вегас шаарында журналисттердин жана күйөрмандардын катышуусунда өткөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 752
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу