При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

А.Тыныбекова эркин күрөш боюнча Польшада өткөн турнирде күмүш байге утту

Turmush -  Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбековаэркин күрөш боюнча Poland Open 2017 эл аралык турниринде күмүш байге утту.

Азиянын 2 жолку чемпиону 58 кг салмакта күч сынашкан. Бул салмакта жалпы 14 балбан кыз-келин таймашып, Тыныбекова 1/8 финалда Литванын балбанын жеңди. Андан кийин Белоруссиянын, жарым финалда Германиянын балбанын жеңип алды. Алтын байге үчүн күч сынашууда Риодо өткөн олимпиаданын чемпиону Хэлэн Марулиске утулуп, жыйынтыгында күмүш байгени ээледи. Тыныбекова бул таймашта ийининен жаракат алган.

Ал эми, 75 кг чейинки салмактагылар арасында кыргызстандык Айпери Медет кызы 5-орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 462
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу