При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Валентина Шевченко: Дарыгерлер А.Нуньеске беттешке уруксат берди, бирок өзү баш тартып койду

Turmush -  UFC 213 турниринде негизги беттеш болот деп күтүлүп жаткан бразилиялык Аманда Нуньес менен кыргызстандык Валентина Шевченконун бүгүн, 9-июлдагы беттеши токтотулду. UFC чемпиону Аманда Нуньес маанилүү окуяга бир нече саат калганда ооруканага жаткырылганы маалым болду.

Бирок, ага дарыгерлер рингге чыгууга уруксат бергени менен өзү беттештен баш тартканын В.Шевченко социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Нуньес тезирээк салмак түшүрүп, кайра салмак кошууну каалаган. Бирок, анын кесепетинен ооруканага түшүп калды. Жыйынтыгында медициналык комиссия Нуньеске беттешке чыгууга уруксат берди, бирок ал андан баш тартып койду. Бүгүн чемпиондук титул үчүн беттешпей калганым өкүнүчтүү. Өзгөчө дайыма мени колдоп, ушул беттешти күтүп, жада калса мен үчүн Лас-Вегаска келген күйөрмандарымдын алдында өкүнүчтүү. Бул окуяга өтө таң калып жатам, бирок даярдык көрүүнү токтотпостон UFC турнириндеги беттештин жаңы белгилене турган күнүн күтөм», - деп жазды В.Шевченко.

Буга чейин Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн болуучу беттештин алдында ачык машыгуу өткөрүшкөн. Машыгуу 5-июнда АКШнын Лас-Вегас шаарында журналисттердин жана күйөрмандардын катышуусунда өткөн эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4495
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу