Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

АКИ-TV: Президенттикке талапкер А.Алай: Аалам, андан түшкөн билим жана жин-шайтан тууралуу

Turmush -  2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстандын жаңы президенти шайланат. Учурда саясий партиялардан, жеке жактардан өлкөнүн келечектеги башчысы болом деген талапкерлер алгачкы аракеттерин көрө башташты.

Талапкер катары каттоо өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин катарында «Зима не будет сөзү менен таанымал Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) да бар.

«МончоШоу» долбоору талапкер менен шайлоого катышуусунун себеби, ал айткан ааламдык илим жана анын дүйнөсү тууралуу маектешти.

«Жаңы доор башталып жатканда мыйзамдын, келечектин программасын билген адам катары талапкер болуп чыгып жатам. Мен билем, мен өтпөсөм деле жерге Ааламдык мыйзам түштү. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү эл же эл башчылары деле акылы менен эч нерсени чече да, жетектей да, токтото да албай жатат. Бул менин шансым эмес, бул — кыргыз журтунун шансы. Ааламдык мыйзамдарга кыргыз элинин жан дүйнөсү төп келгендиктен, кыргыз журту, эли дүйнөгө башчылык кылат», - деди А.Алай.

Маектешүүдө Арстан Алай өзү айтып жаткан Аалам, андан түшкөн билим, адамдарды пендечиликтен бошотуу жана жин-шайтан тууралуу кенен айтып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2850
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу