Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Президент А.Атамбаев менен ички иштер министри жолугушту

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 7-июлда ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы. 

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына  укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерди иликтөөнүн жүрүшү жана кылмыштардын бетин ачуунун динамикасы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, министр туристтик сезондо курорттук аймактарда коомдук тартипти камсыз кылуу, өлкөдөгү жол кырсыктарын алдын алуу иштерин активдештирүү туурасында айтып берди.

Президент өлкөнүн жарандары үчүн ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугунун маанилүү экенин белгилеп, милициянын алдында турган актуалдуу милдеттерди, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү боюнча чараларды күчөтүүгө милдеттендирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1262
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×