Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

А.Чоткараева үй-бүлөлүү айымдардын эл аралык сынагына катышат (фото)

Turmush -  Аида Чоткараева үй-бүлөлүү айымдар арасында өтүүчү («Миссис Вселенная 2017») эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан катышат.

Кыргызстандагы сулуулук сынактардын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, аталган сынак 28-августтан тарта 7-сентябрга чейин африка өлкөлөрүнүн биринде 24-50 жаштагы айымдар арасында өтөт. 28 жаштагы Аида Чоткараева 2016-жылы өлкөдөгү үй-бүлөлүү айымдардын арасында биринчи вице-миссис наамын жеңип алган болчу.

Ал эми, эл аралык сынакка былтыр кыргызстандык 41 жаштагы Наргиза Осмонова катышып, «Миссис Бизнесвуман» наамын алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×