Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баракелде

Өзбекстанда биринчи жолу 23 жаштагы жигит министрдин орун басары болду (фото)

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 23 жаштагы Алишер Сайдуллаев элдик билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды. Министр У.Иноятов жаңы орун басарын жамаатка тааныштырганын өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.

Маалым болгондой, Алишер Сайдуллаев «Камолот» жаштар бирикмесинин съездинде Өзбекстанда чет тилдерин окутуунун келечеги жөнүндө сунушун айтып чыккан. Ал съездге президент Ш.Мирзиёев дагы катышкан болчу.

Алишер Сайдуллаев 1994-жылдын 11-июлунда Жизак облусундагы Жизак районунда төрөлгөн. Ташкент шаарындагы Сингапур эл аралык институтунан жогорку билим алып, билим берүү борборунун директору болуп эмгектенип жаткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3676
Көп окулду
×