Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Президент Улуттук банкка экономикалык тобокелдиктерди азайтууну тапшырды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июлда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы өлкөдө экономикалык туруктуулукту жана Кыргызстандын банк системасынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

2016-жылдын жыйынтыктары боюнча 2015-жылга салыштырганда кредиттик портфелдин долларлашуусунун деңгээли 55,1 пайызга, ал эми депозиттик базанын долларлашуусу 65,6 пайыздан 44,5 пайызга чейин төмөндөдү. Быйылкы жылдын 1-июнуна карата кредиттик портфелдин долларлашуусу 42,5 пайызды, ал эми депозиттик базанын долларлашуусу 48,1 пайызды түздү. Банктарды капитализациялоо процесси уланууда. 2017-жылдын 1-июлуна карата банктардын капиталы 600 млн сомго чейин өсүшү керек.

Алмазбек Атамбаев дүйнөлүк экономикадагы кырдаал туруксуз болуп жаткан шарттарда өлкөнүн финансы-кредит мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуунун маанилүү экенин айтып, өкмөт менен бирдикте тобокелдиктерди азайтып, өлкөнүн экономикасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу