Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийим күнү деп бекитти

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 29-июнда 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийим күнү деп бекитүү тууралуу токтомду жактырышты.

Эл өкүлү Ирина Карамушкинанын (КСДП) пикири боюнча, бул күндү Кыргыздын улуттук кийимдеринин күнү деп белгилөө зарыл. Талкуунун жыйынтыгы менен 85 депутат токтомдун долбоорун колдоого алды.

Долбоорду депутат Гүлшат Асылбаева («Өнүгүү-Прогресс») демилгелеп чыккан.

Кыргызстандыктар 5-мартты Ак калпак күнү катары майрамдап, чоң масштабдагы ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1182
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу