Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Ош

Элдик уламыш: Келин-Булак жайлоосунда атасынан улуу байга токол болгон сулуу кыз кайып болгон

Turmush -  Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы Келин-Булак жайлоосунда жайлагандар жокко эсе. Эл арасында ал жерде адамды азгыруучу көрүнүштөр бар деген сөздөр айтылып келет.

Айыл аксакалдарынын айтымында, бир убакта бул жайлоо чоң айыл болгон. Элди башкарган бай айылындагы өзүнөн жашы кичүү кедейдин кызына ашык болуп калат. Ал кыз уламыштарда жупуну кийингени менен ашкан сулуу кыз болгон деп сүрөттөлөт. Бай кыздын колун сурап барып, бирок атасы макулдугун бербей койгон. Мындай каршылыктарга карабай, күч колдонгон бай акыры кедейдин кызына үйлөнөт. Байга токол болгон кыз күн сайын суу алууга барганда арманын айтып, ыйлап турган. Жаш токолунун качып кетүүсүнөн корккон бай ага эки кароолчу кошуп, алар артынан ээрчип жүрүшөт.

Күндөрдүн биринде кыз адаттагыдай сууга барган. Булакка жеткенде адаттагыдай ыйлап баштаган кызды бир убакта эки кароолчу тең көрбөй калышат. Булактын жанында анын жоолугу менен чакалары гана калып, кыздын өзүн көп убакыт издеп таппай коюшат. Ошондон кийин ал кыздын булактын жанында кайып болгону айтылып калган.

Бүгүнкү күнгө чейин ал булактагы суу көздүн жашындай шордуу экени айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3243
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×