Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Бишкекте башына ок тийип, 2 күндөн кийин ооруканага өзү басып барган бейтапка операция жасалды

Turmush -  Бишкек шаарында Улуттук госпиталдагы нейрохирург дарыгерлер башына ок тийген 30 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калышты. Операция тууралуу АКИпресс агенттигине №2 нейротравматологиянын нейрохирургу Дөөлөс Муратов айтып бреди. Ал бөлүмдүн башчысы Бектемир Мукамбетомуров операция жасаган учурда ассистенти болгон.

Эң кызыгы, бейтап башына ок тийгенден кийин 2 күн үйүндө жүрүп, ооруканага өзү басып барган.

«Баш мээсинен жаракат алган бейтап өзү басып келди. Ал учурда кантип жаракат алганын айткысы келген жок. Ок тийгенден кийин 2 күн бою үйүндө болуп, эч кимге кайрылган эмес. Качан гана башы катуу ооруп, дене табы көтөрүлгөндө келген», - деди дарыгер.

Алгачкы 5 күн бою бейтап тиешелүү күчтүү дарылар менен дарыланып, дене табы төмөндөгөндөн кийин гана операция жасалган.

«Мындай операциялар алыскы өлкөлөрдү айтпаганда да Россия менен Казакстанда атайын нейронавигатор аппаратынын жардамы менен гана жасалат. Анын жардамы менен окту көрүүгө болот. Бирок, тилекке каршы бизде андай аппарат жок. Биз өз алдынча операция жасадык. Баш мээнин ичинен окту издөө өтө оор», - деп кошумчалады дарыгер.

Учурда бейтаптын абалы жакшы. Дене табы төмөндөп, сүйлөп, кыймылдап жүрөт. Дарыгердин айтымында, абалы ушул темпте болсо бир жумадан кийин ооруканадан чыгарууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7482
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×