Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

БШКга президенттикке талапкер болууну каалаган дагы 3 адам кайрылды (тизме)

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган дагы 3 адамдан арыз түштү.

- Кечээ, 27-июнда БШКга «Коомдук анализ институту» коомдук бирикмесинин 42 жаштагы төрайымы Карасартова Рита Рахмановна кайрылган.

- Ата-мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Дегенбаев Бакыт Кудусович (1975-жылы туулган) дагы өзүн президенттикке талапкер катары көрсөтүү арызы менен кайрылды.

- Латвиянын «Маро» фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Султанидинов Сайнидин Султанидиновичтен (1955-жылы туулган) дагы арыз түштү.

27-июнга карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер болууну каалаган жалпы 6 жарандан арыз берилди.

БШКга 27-июнга чейин кайрылгандар:

- Назарбек Нышанов;

- Өмүрбек Текебаев;

- Арстанбек Абдылдаев.

Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо күнү 2017-жылдын 15-октябры деп белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2338
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×