Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Видео - Кыргызстандык мушкер Д.Шаршеев россиялык А.Калининди утту

Turmush -  Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев Россияда TNA эрежеси боюнча өткөн реванштык беттеште россиялык Антон Калининди утту.

27-июнда Казань шаарында турнирдин төртүнчү этабы өтүп, анда Дастан Шаршеев менен Антон Калинин таймашты. 70 кг салмакта күч сынашкан бул мушкерлер буга чейин 22-апрелде беттешип, анда калыстар жеңишти россиялык мушкерге ыйгарышкан. Шаршеев бул чечимге каршы чыгып, рингден кетпей койгону интернетте көп талкууларды жараткан.

Окуя тууралуу:

Россиянын Казань шаарында 22-апрелде «TATNEFT кубогуна TNA эрежелери боюнча мушташ» дүйнөлүк чемпионатынын экинчи этабы өткөрүлдү.

Мелдештин 1/8 финалында россиялык Антон Калинин жана «Витязь Файт» россиялык клубунун атынан чыккан кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев беттешти. Беттеште кыргызстандык мушкер калыстардын чечими менен жеңилди деп табылган. Бирок, ал чечим акыйкатсыз экенин айтып, рингден кетүүдөн баш тартып, атаандашын утканын айткан. Көрүүчүлөр анын сөзүн ышкырык, кыйкырыктар менен колдоп турушту.

Дастан Шаршеев (Кыргызстан) — Антон Калинин (Россия).

Д.Шаршеевдин рингден кетпей сүйлөгөн сөзү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1053
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу