Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баткен

Элдик уламыш: Лейлекте Карынмай байдын сан жетпес малы бир кышта кырылган

Turmush -  Лейлектеги Карынмайдын үңкүрүнүн, Карынмайдын жайлоосунун аталышы бир кышта малы кырылган байдын таржымалына байланыштуу.

Лейлектик Жоошбай Каримовдун айтымында, Карынмай мындан 2 кылым мурда жашап өткөн.

«Карынмайдын үңкүрү деген Лейлектин чоң жайлоолорунун бири. Карынмай деген бай мындан 2 кылым мурда жашап өткөн экен. Ал бир жайытты ээлеп отурган. Себеби малына сан жетпей, үйүр-үйүр жылкысы да болгон. Отурган жерине ыраазы болбогон бай «жерим дагы бир аз кең болгондо малым дагы көбөймөк» деп арман кылат. Карынмай бай чөптү жакшы камдабай калган жылы кыш оор түшүп, тоют жетпей, кыштын суугуна чыдабаган малы кырылып калат. Малдын өлүктөрү жайлоого батпай, өлүктөрдү жайлоодогу чоң үңкүргө толтуруп салган. Мына ушундан улам Карынмайдын үңкүрү деген сөз калган. Илгерки аталардан калган «Бай мактанса бир жуттук» деген кеп бекеринен чыкпаган», - деди Жоошбай Каримов.

Аталган арчалуу жайлоо кеңдигинен мал кароого ыңгайлуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2693
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×