Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

А.Атамбаев: С.Жээнбеков жасаган ишин да пиарлай албайт, ошого мен айтып жатам

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев эмне үчүн КСДП президенттикке спикер Чыныбай Турсунбековду эмес, Сооронбай Жээнбековду тандай тургандыгын айтып берди.

Президент Россияга болгон иш сапарынын алкагында 24-июнда Татарстандын Казань шаарында С.Жээнбековдун талапкер катары тандалышы жана Ч.Турсунбековдун талапкерлигинин көрсөтүлүшү жөнүндө суроого жооп берди.

«Кыргызстанда демократия. Ким талапкер болом десе болот берет. Бирок, социал-демократтардан бир талапкер болот. Мен ойлоп турам, Жээнбеков болот деп. 200гө жакын партия бар, өзүн-өзү көрсөтсө да болот. Ошондуктан эч кимде тоскоолдук жок», - деди ал.

Президенттен С.Жээнбековдун талапкерлиги анын жеке тандоосу болгон же болбогонун сурашты.

«Жок, социал-демократтар Сооронбай Жээнбековду 20 жылдан ашык убакыттан бери билет. Ага караганда ошол эле Чыныбай Акунович жакында эле келди», - деп жооп берди президент.

А.Атамбаев буга катар эле Жээнбеков 2010-жылы адамдарды бириктирип, Бакиевдер түштүккө барганда аларды кубалап чыкканын кошумчалады.

Президент мындан тышкары, талапкер Жээнбековдун бир кемчилиги бар экенин белгиледи.

«Ал өзүн пиарлай албайт. Жасаган ишин да айта албайт. Ошон үчүн мен айтып жатам. Бул кишинин Кыргызстандын биримдигине да салымы чоң. Партиянын бутка турушуна да салымы абдан чоң. Анткени эң кыйын мезгилдерде жанымда жүрдү. Керек болсо жакын туугандары да каршы болуп жатканда эч кимди укпай, дайыма социал-демократтар менен Акаевге да каршы, Бакиевге да каршы чыкты. Бирок, пиарлаганды такыр билбейт, жөн эле иштей берет. Менимче азыр Кыргызстан үчүн бул жакшы нерсе. Кыргызстанда пиарчылардын заманы болуп бара жатат», - деди Атамбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9696
Көп окулду
×