Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

АКИ-TV: Замана агымынын залкары, «Булбул» аталган Арстанбек Буйлаш уулуна 1,3 млн сомдук айкел орнотулду

Turmush -  Айтыш өнөрүнүн устасы, терең ойчул, таланттуу обончу, виртуоз комузчу Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдык мааракесине арналып Бишкек шаарында айкели тургузулду.

Тоголок Молдо сейил багында орнотулган айкелдин салтанаттуу ачылыш аземи 24-июнда өтүп, бийлик өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана шаардыктар күбө болушту.

АБ

Эстеликти орнотуу демилгесин акындын урпактары — тынымсейит уруусу демилгелеп, өздөрү 1,3 млн сом чогултушкан. Айкелдин скульптору — Жолдош Жаманкулов, архитектор — Кубан Базарбаев.

Буга чейин Арстанбек Буйлаш уулунун айкели Нарын районунда тургузулган болчу.

1824-жылы Нарындагы Төш-Булак аймагында жарык дүйнөгө келген замана агымынын ири өкүлдөрүнүн бири, эл тарабынан Булбул аталган айтыш өнөрүнүн устаты 16 жашынан тартып таланты менен калың журтка тааныла баштаган.

Айрым маалыматтар боюнча, 13 жашында, айрым булактарда 16 жашында өз атасын Кокон бийлигинин каарынан сактап, элинин алкышына ээ болгону баяндалат. Анын өнөрүнө ошол учурда бүтүндөй Анжиян, Наманган, Фергана өрөөндөрүнүн эли күбө болуп, кыргыз-казак элине даңазаланган. Ал 500гө жакын күүнүн аткаруучусу болгону да айтылат.

Арстанбек Буйлаш уулу

Залкар инсандын чыгармаларын чогултуу иштери 1920-жылдары гана башталган. Алгачкылардан болуп анын эмгектерин Каюм Мифтаков Нарын, Караколдон жыйнап, 1922-жылы Улуттук илимдер академиясынын фондуна тапшырып берген. Андан кийин анын чыгармаларын Тазабек Саманчин, Батма Кебекова жана Советбек Байгазиев жыйнап, иликтеп, кызыгуу артышкан.

Арстанбек Буйлаш уулу 1878-жылы 54 жаш курагында Нарын облусунда каза болуп, Жууку капчыгайындагы Таш-Кыя бейитине коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2767
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 14 адам окуп жатат)
×