Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Видео, фото - Америкадагы «Генийлер олимпиадасынан» алтын алган 12 жаштагы Ильязды «Хаммер» менен тосуп алышты

Turmush -  Американын Осуиго шаарында «Генийлер олимпиадасында» алтын медаль алган 12 жаштагы Ильяз Талант уулу кечээ, 25-июнда мекенине кайтып келди. Аны салтанаттуу түрдө «Манас» аэропортунан мугалимдер жамааты, ата-энелер комитети жана мектеп окуучулары тосуп алышты.

«Баламдын ийгиликке жетүүсүнө мугалимдеринин салымы чоң. Аларга ыраазычылык билдирем. Салтанаттуу түрдө тосуп алууну да мугалимдери уюштурду», - деди апасы Инаят Жээналиева.

Экология боюнча глобалдык көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында уюшулган сынакта Ильяз алтын медалга ээ болгон. 73 мамлекеттин катышуусунда жүргөн сынакка 18 жашка чейинки балдар катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3476
Көп окулду
×